2025-05-30

УРМАТТУУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР!


Силерди Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кесиптик колледжин ийгиликтүү аякташыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Силердин билимге болгон умтулууӊар, талыкпаган эмгегиңер жана жетишкен ийгиликтериңер биз үчүн чоң сыймык. Силер ар дайым биздин университеттин жана кесиптик колледждин күчтүү жана баалуу бөлүгү экениңерди унутпагыла. Келечегиңер үмүткө, ийгиликтерге толушун каалайбыз. Ар бир кадамыңар ишенимдүү болсун, чоң максаттарыңар жана кыялдарыңар орундалсын.

КТМУ Кесиптик колледждин жамааты