27-28-мартта Россиянын Элдердин Достугу Университетинде 93 окуу жайынан жана 11 өлкөдөн 843 катышуучуну бириктирген “Биздин айланабызда бухгалтердик эсеп” 11-Евразиялык студенттик олимпиада болуп өттү. Олимпиада бухгалтердик эсеп жана экономика тармагындагы профессионалдык билимди, практикалык көндүмдөрдү жана көйгөйлөрдү чечүүгө чыгармачылык мамилени көрсөтүү үчүн масштабдуу аянтча болуп калды.
Окутуучу Алиева Н.Б.нын жетекчилиги астында «Экономика жана бухгалтердик эсеп» адистигинин 1 жана 2-курстардын студенттеринен куралган команда Авидова Нодира, Абылгазиев Данияр, Кадырова Айдана жана Мекишова Айдай командалык турда 2-орунга ээ болушту. Студенттерибиз жогорку деңгээлдеги даярдыкты, мыкты командада иштөөнү жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн көрсөтүштү.
Олимпиаданын бардык катышуучуларынын ичинен жеке эсепте 1-орунду ээлеген 2-курстун студенти Нодира Авидованын ийгилиги бизди өзгөчө сыймыктандырат.
Таланттуу окуучуларыбызды куттуктап, аларга жаңы ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайбыз!