2025-03-24

КТМУ Кесиптик колледжибиздин окутуучусу Г.Ш. Абдралиева студенттери менен чогуу 148-бала бакчада семинар-тренинг өткөрүштү


2025-жылдын 19-март күнү КТМУ Кесиптик колледжибиздин ага окутуучусу Г.Ш. Абдралиева студенттери менен чогуу Бишкек шаарындагы №148 бала бакчанын тарбиячыларына “Мектепке чейинки курактагы балдарды окутуунун айрым эффективдүү жолдору”  аталышында тренинг-семинар өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектепке чейинки курактагы балдарды окутуунун заманбап платформалары жана методдору боюнча пикир алмашуулар жүргүзүлүп, практикалык көнүгүүлөр, оюндар уюштурулду.