2025-жылдын 18-февраль күнү Кесиптик колледжибиздин ага окутуучусу Мехмет Рушту Чифтчи Автомобилдик транспортту техникалык тейлөө жана оңдоо програмамасынын студенттерин Vale Motors Авто Сервисине техникалык саякатка алып барды.
Кесиптик колледждин ага окутуучусу Чифтчи компания жетекчилерине университет жана кесиптик колледжибиз тууралуу маалымат берди. Бул саякат учурунда студенттерибиз бүгүнкү күнгө чейин теория катары алган билимдери менен практика жүзүндө таанышышты. Компаниянын жетекчилери сектордун квалификациялуу кадрларга муктаж экенин түшүндүрүп, ошондой эле техникаларды тейлөө, оңдоо жана тейлөө жагынан башынан өткөргөн кыйынчылыктарды түшүндүрүштү. Өз ара пикир алмашуудан кийин фирма менен университет кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди. Иш сапар сектордун өкүлдөрүн кесиптик лицейге чакыруу менен аяктады.