2025-жылдын 11-февралында Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбору кыз-келиндерге дем берүү, колдоо жана STEM тармагында кесиптик жана жеке өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында “Илимдеги ишкердиктеги аял” марафону 350дөн ашык таланттуу кыздарды жана аялдарды бириктирди! Илим жана техника жаатында тажрыйба алмашууга, үйрөнүүгө жана билимдерин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берген иш-чарага активдүү катышып 1-орунду камсыздашкан Кесиптик колледжибиздин студенттери Назик Асанбаева, Даткайым Молдалиева, Аяна Турсуналиева, Рамина Абибекова, Асель Шайырбекова жана жетекчиси Нурсултан Каныбековду чын жүрөктөн куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз!