2025-02-25

Студенттерибизден Социалдык жоопкерчилик Иш-чарасы


2025-жылдын 15-февраль күнү КТМУ Кесиптик колледжибиздин студенттери “Үмүт үйү” аттуу Бишкектеги улгайган жана майыптыгы бар жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесине барып келишти. Студенттер карылар үчүн көптөгөн тамак-аш, тазалык буюмдары жана ар түрдүү белектерди алып барышты. Ал кана эмес көӊүлдүү концерт да уюштурушуп мекеменин жашоочуларынын, кызматкерлердин көӊүлдөрүн көтөрүштү. Студенттерибизди жетектеп окуу жайыбыздын мүдүрү доц.м.а. Махмут Вурал жана ага окутуучу М. Рүштү Чивтчи барышты.

Жаштарыбыздын мындай иш аракеттери жаркын келечектин башталышы.