2025-01-23

КТМУ Кесиптик колледждин студенттеринин ийгиликтери


2024-жылдын 16-декабрында Корея өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөн «Старт-ап дизайн жана долбоорлоо» конкурсуна катышкан Эмерек жана жасалгалоо программасынын студенттери 2-орунга ээ болуп, өз долбоору менен 600 доллар утуп алышты. Долбоорлоо боюнча ийгиликти багындырган студенттерибиз “Манас” университетибиздин таанытышты. 

Окуу жайыбыздын жалпы жамаатынын атынан студенттерибиз Турсуналиева Аяна, Адисова Азиза, Молдалиева Даткайым жана жетекчиси Нурсултан Каныбековду чын жүрөктөн куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!