7-декабрда Hyatt Regency мейманканасында өткөн TalentforBIZ Карьера иш-чарасы дүйнөгө белгилүү ири компаниялардын катышуусунда өттү. Иш-чарага Aselsan, Turkish Airlines (THY), Demir Bank жана TEI сыяктуу абройлуу уюмдар катышып, жаш таланттар менен жолугушту.
Кесиптик колледжибиздин окутуучусу доценттин м.а. Гүлнара КАРАДЕНИЗ иш-чарага окуу жайыбыздын 1 жана 2-курстарынын студенттерин жетектеп, алар менен бирге карьера күнүнө катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер компаниянын өкүлдөрү менен түз баарлашып, карьерасын пландаштырууга салым кошо турган маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк алышты.
TalentforBİZ Карьера иш-чарасы студенттерге дүйнөлүк компаниялар менен таанышууга жана карьера мүмкүнчүлүктөрүн баалоого мүмкүндүк берүү менен КТМУ жаш таланттардын келечегине канчалык маани берерин дагы бир жолу көрсөттү. Мындай иш-чаралар менен КТМУнун студенттеринин эл аралык платформаларда күчтүү орунду ээлөө максатын көздөйт.
Иш-чарага салым кошкон бардык компанияларга жана уюштуруу тобуна ыраазычылык билдиребиз.