2024-жылдын 5-декабрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кесиптик колледжинин социалдык жоопкерчилик иш-чарасынын алкагында Маркетинг жана Мектепке чейинки билим берүү программасынын профессордук-окутуучулук курамы, доценттин м.а. Гүлнара Карадениз, доцент Токон Орусбаева жана окутуучу Гүлзаада Абдралиева балдар үйүнө маңыздуу сапар жасашты.
Кесиптик лицейдин профессордук-окутуучулук курамынын салымы менен чогултулган кайрымдуулуктун эсебинен тазалоо жана гигиеналык материалдар алынып, мекемеге жеткирилди. Мындай социалдык жоопкерчилик долбоорлору студенттердин арасында социалдык аң-сезимди калыптандыруу жана муктаж болгон адамдарды колдоо максатын көздөйт.
Бардык катышуучуларга жана колдоочуларга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары социалдык жоопкерчилик долбоорлоруна колдоо көрсөтүү улана берээрин кубануу менен билдиребиз.