2024-11-28

Маркетинг программасынын студенттери сектордук изилдөө сапарына барды


2024-жылдын 20-ноябрында колледжибиздин окутуучусу PhD Убейдулла Шенердин жетекчилигинде Маркетинг программасынын 2-курсунун студенттери сектордук изилдөө иштеринин алкагында бир катар ишканаларга барышты. Иш-чарада студенттерге алган теориялык билимдерин практика менен бекемдөөгө шарт түзүп, тармактын өкүлдөрү менен маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк болду.

Сапардын жүрүшүндө студенттер ар кандай ишканалардын иш процесстерине жеринде байкоо жүргүзүү аркылуу маркетингдик стратегиялар жана практикалар боюнча маалыматка ээ болушту. Ишкерлер менен болгон жолугушууларда иш учурдагы динамика, бизнес процесстери жана стажировка мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу темалар талкууланды. Бул сапарлар студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү, ошондой эле алардын бизнес дүйнөсү тууралуу маалыматын жогорулатуу максатын көздөдү.

PhD Шенер уюштурулган саякаттардын студенттердин тармакты жакшыраак таанып-билүүгө салым кошконун, теориялык билимди талаа иштери менен бекемдөө билим берүүнүн маанилүү бөлүгү экенин айтты. Ошондой эле, мындай тармактык иш-чаралар тез-тез өткөрүлүп, салтка айланып калаарын билдирди.

Бул сапарга катышка студенттери мындай уюмдар тарабынан берилген тажрыйбалар жана байкоолор алардын карьералык максаттарына карай маанилүү жол көрсөтүүчү экенин белгилешти.