2024-10-30

Окутуучубуз Гулзаада Абдралиева студенттер практикадан өтүп жаткан бала бакчага барды (17-18.10.2024)


2024-жылдын 17-18-октябрь күндөрү КТМУнун Кесиптик колледжинин окутуучусу Гүлзаада Абдралиева Мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттердин практикадан өтүп жаткан Бишкек шаарындагы №148 бала бакчасына барды. Жолугушуу учурунда бала бакчада “Күз майрамы” иш-чарасы өткөрүлүп жаткандыктан. Окутуучубуз студенттери менен биргеликте бөбөктөргө кызыктуу оюн коюп беришти.

Бала бакчанын жетекчиси Турусбекова Жаӊыл, Мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттеринине ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Манас университети менен тыгыз кызматташтыкта болгондугуна сыймыктанаарын жана мындай кийин да ар дайым биргеликте иш алып барууга кызыктар экендигин билдирди. Бакчанын методисти Таабалдиева Жээнкул студенттердин билим деңгээлдери жогору болгондугун жана иштөөгө абдан дилгир экендиктерин баса белгилеп, алар менен иштешкенине кубанычта экендиктерин айтты.