Урматтуу студенттерим!!!
Билимге жасалган инвестиция – бул эң жогорку кайтарымдуулукка ээ инвестиция. Манас Университети катары биз "Тилде, пикирде, иште бирдик" урааны менен иш алып барып, студенттерибизге кесиптик билим гана бербестен, аларды маданий жана академиялык жактан да даярдоого умтулабыз. Анткени биз жөн гана университет эмес, "Университеттен да артык!” окуу жайбыз.
Бүгүнкү күндө кесиптик жана техникалык билим берүү – бул жөн гана зарылчылык эмес, ошондой эле адамдардын жана коомдун өнүгүүсүндө маанилүү курал болуп саналат. Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин Кесиптик Жогорку Мектеби ушул принципти карманып, 2005-2006-окуу жылында негизделип, өлкөбүздөгү мыкты окуу жайлардын бири болуп калды.
Биздин миссиябыз – жаштарга алардын кызыкчылыктарына жана жөндөмдөрүнө ылайык кесиптик билим берүү, ошондой эле кесиптик жактан өсүп-өнүгүүгө жана эмгек рыногунда өз ордун табууга мүмкүнчүлүк түзүү. Биздин заманбап лабораториялар, устаканалар, инновациялык методдор жана жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулук курам студенттерди кесиптик жашоого эң мыкты даярдоо үчүн иштешет.
Келечекте күчтүү билим берүү тутумун түзүү максатында, студенттерибиздин биринчи жылдардан баштап илимий жана негизги билимдерди өздөштүрүүсүнө, ал эми кийинки жылдарда кесиптик адистиктер боюнча адистешүүсүнө шарт түзгөн модель кабыл алынган. Ошондой эле, эмгек рыногунун өзгөрүп жаткан талаптарына жооп берүү үчүн биз тармактагы ишканалар менен активдүү кызматташып, билим берүү программаларын үзгүлтүксүз жаңыртып турабыз. Натыйжада, биздин бүтүрүүчүлөр кесиптик карьерасында кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, келечегин так жана ишенимдүү кура алышат.
2009-2010-окуу жылында биринчи бүтүрүүчүлөрүн чыгарган жогорку мектебибиз бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдө ийгиликтүү иш алып барып, кесиптик тармактарда лидерлик позицияларды ээлеп келишет. Билим берүү программаларыбыз ишканалар менен тыгыз байланышта иштелип чыгып, студенттерибиздин эл аралык эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушун камсыздайт.
Ийгиликтин негизи – тырышчаактык, тартип жана үзгүлтүксүз билим алуу. Сүйүктүү студенттерим, менин сиздерге кеңешим – ар дайым өзүӊөрдү өнүктүрүп, кызыгууңарды жоготпой, жаңы билимдерге ачык болуӊуздар.
Студенттерибизге, окутуучуларыбызга жана бүтүрүүчүлөрүбүгө ден соолук, ийгилик жана бакыт каалайм.
Проф. Др. Мирбек Турдуев
Кесиптик жогорку мектеп мүдүрү