2025-06-10
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Жогорку кесиптик колледжи тарабынан уюштурулган иш-чаранын алкагында доцент, PhD Замиргүл Казакбаева “Жасалма акыл” темасында семинар өттү.
Семинар 2025-жылдын 6-июнунда Колледждин 135-кабылуу Компьютердик лабораториясында болуп өттү. Иш-чарага окутуучулар, административдик кызматкерлер жана студенттер активдүү катышты.
Сунушунда доцент Казакбаева жасалма акылдын тарыхы, негизги түшүнүктөрү, учурдагы колдонуу тармактары жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. Айрыкча билим берүү, саламаттык сактоо, экономика жана күнүмдүк жашоодо жасалма акыл технологияларынын колдонулушу боюнча мисалдар менен баяндамасын толуктады.
Семинардын соңунда катышуучулардын суроолоруна жооп берилип, интерактивдүү талкуу жүрдү. Студенттер жасалма акыл жаатындагы кесиптик мүмкүнчүлүктөр жана технологиялык өнүгүүлөр тууралуу маалымат алууга шарт түзүлдү.
КТМУнун Жогорку кесиптик колледжинин директору профессор, Dr. Мирбек Турдуев мындай академиялык иш-чаралар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө чоң салым кошорун белгилеп, мындай семинарлар мындан ары да улантыларын билдирди.