2025-06-05
2025-жылдын 30-майында Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо, Жыгач иштетүүнүн технологиясы, Эмеректер дизайны жана конструкциялоо программаларынын студенттери үчүн мотивациялык семинар өттү.
Семинардын коноктору — 2022–2023-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү Бегайым Анарбек кызы жана Эльдар Касейинов студенттер менен билим алуудагы, практикадагы кыйынчылыктар жана аларды жеңүү жолдору тууралуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Ошондой эле, адистик сабактарга басым жасоо, техникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү, жумушка орношуу тууралуу пайдалуу кеңештер берилди.
Семинар студенттерге чоң шыктандыруу берип, келечектеги максаттарын аныктоого жардам берди.