2025-04-25


КТМУ КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИНИН ПРАКТИКАЛЫК КӨРГӨЗМӨСҮ


КТМУ Кесиптик жогорку колледжинин студенттери 23-апрель — Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүнө карата көргөзмө уюштурушту. Кесиптик жогорку колледждин Мектепке чейинки билим берүү, Курулуш, Жыгач иштетүүнүн дизайны жана  Автомобиль транспортун техникалык тейлөө программаларынын студенттери сабактын алкагында даярдаган долбоордук тапшырмаларын көргөзмөгө алып келип, майрамдык шаңга салым кошушту.

Көргөзмөнүн ачылышына КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Режаи Доган, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ жана Колледжибиздин мүдүрү профессор Мирбек Турдуев катышты.

Көргөзмөдө жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо программасынын студенттери тарабынан чоң эмгек менен даярдалган миниатюралык эмеректер көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. ОшМектепке чейинки билим берүү программасынын студенттери тарабынан балдар үчүн  кийизден даярдалган жомок китептери да көпчүлүктүн купулуна толду. Айрыкча, балдардын моторикалык жөндөмдөрүн колдогон мазмундуу долбоорлор көргөзмөнүн эң көрүнүктүү иштеринин арасында болду.

Бул көргөзмө окуучулардын өндүрүмдүүлүгүн, креативдүүлүгүн жана балдарга болгон сезимталдыкты көрсөтүп, 23-апрель — Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүнө ылайыкташкан тарбиялык да, шыктандыруучу да иш-чара катары бааланды.