2025-04-23
2025-жылдын 14-16-апрель күндөрү колледжибизде окутуучу Алиева Насикат жана Экономика жана башкаруу программасынын 2-курсунун студентери тарабынан “Бухгалтерлер жумалыгы” өткөрүлдү. Ачылыш сөзүн куттуктоо менен баштаган мүдүрүбүз Турдуев Мирбек жаштарга ийгилик каалады, ошондой эле мүдүрдүн жардамчылары Атмажа Серхат, Ажыгулова Гулмира жана Экономика жана башкаруу программалар бөлүмүнүн башчысы Мурат Авжы да куттуктоо сөздөрүн айтышты. Андан соӊ студенттер тарабынан даярдалган концерт аншлаг менен өттү.