2025-04-23


Биздин студенттер “Kyrgyz Build 2025” – курулуш көргөзмөсүндө


2025-жылдын 15-17-апрель күндөрү “Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо” жана “ Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо” программасынын студенттери Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде уюштурулган курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба тармактарына тиешелүү   “Kyrgyz Build 2025” аттуу эл аралык адистештирилген эң ири көргөзмөгө катышып келишти.

“Kyrgyz Build 2025” көргөзмөсүнө 15 өлкөдөн 100 дөн ашуун компания катышып, энергияны үнөмдөөчү курулуш, "Акылдуу" шаарлар, экологиялык таза жыгач материалдары, инженердик системалар жана автоматизация боюнча инновациялык иштерди тартуулаган көргөзмөдөн дүйнөдөгү ири компаниялардын эң жаңы материалдарын жана технологияларын көрүшүп, экологиялык жактан таза курулуш (sustainable) жана энергияны үнөмдөөчү жабдуулар боюнча маалымат алышып, курулуш тармагын жакшы билген көрүнүктүү адистер менен жолугушуусу студенттер үчүн пайдалуу болуп,  алып жаткан теориялык билимдерин бекемдөөгө жардам берди.