2025-04-14
КТМУ Кесиптик жогорку колледждин "Мектепке чейинки билим берүү" программасынын студенттери ага окутуучу Гулзаада Абдралиеванын жетекчилигинде 2025-жылдын 8-апрелинде "Мен сени жаздан издейм" аттуу поэзия кечесин өткөрүштү.
Кече, КТМУ Кесиптик жогорку колледждин мүдүрү профессор Мирбек Турдуев менен бирге бир катар окутуучулар, ошондой эле студенттердин катышуусунда өттү.
Кесиптик жогорку колледждин мүдүрү профессор Мирбек Турдуев бул иш-чара маанилүү ийгилик экендигин айтып, мындай иш-чараларды жыл сайын өткөрүп туруу чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи.
Кече сезимдерди ойготуп, жан дүйнөбүздү терметкен керемет сөз берметтери менен жана аккордеон коштоосундагы жандуу обондор менен коштолду. Керемет кечти көркүнө чыгарууга салымын кошкон бардык катышуучуларга, конокторго жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз.