2025-03-27


«Графикалык дизайнер деген ким?» семинары өткөрүлдү


2025-жылдын 26-март күнү Кесиптик колледжибиздин окутуучусу ф.м.и.к. доцент Замиргул Казакбаева тарабынан "Компьютердик системаларда программалоо" програмамасынын студенттерине «Графикалык дизайнер деген ким?»  аттуу семинар өткөрүлдү. Бул иш-чарага ошондой эле сүрөтчү, график, мугалим, дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Бишкек шаар белгисинин жана байрагынын автору, кол-өнөрчү Майрамкул Асаналиев Мусабай уулу конок лекциясын өтүп берди.