2024-11-28


«Инвестиция жана ишкердик» аттуу семинар өткөрүлдү


2024-жылдын 26-ноябрында Кыргыз-Түрк Манас университетинин Кесиптик колледжинин  студенттери  үчүн «Инвестиция жана ишкердик» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар, доценттин м.а. PhD Гүлнара Карадениздин тарабынан уюштурулган. Иш-чаранын коногу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстан Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн координаторунун орун басары Санжар Алтымышев болду.

 

Семинарда ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жана долбоорлору тууралуу кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, студенттерге инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча багыт берүүчү жана түшүндүрүү маалыматтары берилди.