2024-11-28
2024-жылдын 25-ноябрь күнү Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн куратору Гулзаада Абдралиева жана студенттери тарабынан “Үй-бүлөдөгү баалуулуктардын маанилүүлүгү (же балаӊызды гаджеттен коргоӊуз)” аттуу семинар уюштурулду. Семинарга Кесиптик колледждин мүдүрү Махмут Вурал, окутуучулар жана студенттер катышты.
Семинарда, Гаджет, EQ жана мултьфильм сырлары, телефонсуз 1 ай челенджи, графикалык диктант, нейрогимнастика, танграм жана ораторлук чеберчилик тууралуу кенен маалымат берилип, айрымдары иш жүзүндө көрсөтүлдү. Семинар өтө кызыктуу оюн, сценка, практикалык иштер менен коштолду. Соӊу суроо-жооп менен толукталып, кызыктуу талкуу менен аяктады.