2025-04-28
2025-жылдын 23-апрелинде КМектепке чейинки билим берүү программасында билим алган студенттердин эмгектерин камтыган «Студенттеринин практикалык көргөзмөсү» ачылды.
Көргөзмөнүн ачылышына КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Режаи Доган, башкы катчы, профессор Исмет Алтынташ, Колледжибиздин мүдүрү профессор Мирбек Турдуев катышты.
Мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттери тарабынан балдар үчүн кийизден даярдалган жомок китептери да көпчүлүктүн купулуна толду. Айрыкча, балдардын моторикалык жөндөмдөрүн колдогон мазмундуу долбоорлор көргөзмөнүн эң көрүнүктүү иштеринин арасында болду.
Көргөзмөгө коюлган эмгектерге салым кошкон ага окутуучу Гулзаада Абдралиева жана студенттерди куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз.