2025-04-28
2025-жылдын 23-апрелинде Кесиптик жогорку колледжибизде ата-энелер жыйналыш болуп өттү. Мүдүрүбүз профессор Мирбек Турдуев, мүдүр жардамчысы т.и.д., Гулмира Ажыгулова жана окутуучуларыбыз ата-энелерге окуу жайыбызда аткарылып жаткан долбоорлор, жүргүзүлүп жаткан окуулар, окуучулардын академиялык жана социалдык өнүгүүсү тууралуу маалымат берилди. Жыйналыш убагында ата-энелер окуу корпусун, устаканаларды, лабораторияларды жана ушул күнү ачылган «Студенттеринин практикалык көргөзмөсүн» көрүштү. Жыйналышты уюштурган колледжибиздин окутуучулары Насикат Алиева, Гулзаада Абдралиевага жана жолугушууга катышкан ата-энелерибизге терең ыраазычылык билдиребиз.