Мектепке чейинки билим берүү программасынын студенттери  үчүн мектепке чейинки мекемеде практика өтүү өтө маанилүү, анткени ал педагог катары ийгиликтүү карьера үчүн зарыл болгон кесиптик билимдердин жана көндүмдөрдүн бекем пайдубалын түзөт жана балдарга сапаттуу педагогикалык колдоо көрсөтүүгө даярдалат.

Практика өтүү мүмкүнчүлүктөрү

   • Биздин студенттер билим алуу мезгилинде жалпысынан 3 практикадан өтүшөт.

• Ар бир практика белгилүү бир убакытты камтыйт жана расмий түрдө бааланат.

• Практика мамлекеттик жана жеке балдар бакчаларында өткөрүлөт.

Практиканын артыкчылыктары:

1. Чыныгы педагогдук  тажрыйбага ээ болуу

2. Кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү

3. Педагогикалык ой жүгүртүүнү калыптандыруу

4. Коммуникация жана уюштуруучулук жөндөмдөрүн чыңдоо

5. Мектепке чейинки мекеменин өзгөчөлүктөрүн түшүнүү

6. Кесипке психологиялык даярдоо

7. Жеке өнүгүү

Биздин кызматташкан айрым  өнөктөштөр:

  • №148 Мектепке чейинки билим берүү мекемеси
  • Бишкек-Түрк мектеби
  • “Ибарат-Монтессори” бала бакчасы
  • “Салтуша” бала бакчасы
  • “Уникум+” бала бакчасы

    Көптөгөн студенттер ийгиликтүү практикадан кийин өзүн көрсөтө алышып, ишке орношууга сунуш алышат.