Максаты:

Учурда билим берүү тармагында мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Мектепке чейинки курак -адамдын гана эмес, бүтүндөй коомдун жетишкендиктеринин жана көйгөйлөрүнүн булагы болуп саналат. Балдардын  окуу процессине даяр болушуна, мектепте жакшы окуусуна жана коомдо социалдашуусуна терең таасирин тийгизет.

Мектепке чейинки билим берүү системасы Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ишке ашырылат жана окутуунун, тарбиялоонун максаттуу, көп кырдуу, функционалдык бирдиктүү процессин камсыз кылууну билдирет. Ошондой эле инсандын физикалык, интеллектуалдык, психологиялык жактан өнүгүшүн камсыздайт, моралдык, эстетикалык жана башка жеке сапаттарды калыптандырат.

Мектепке чейинки билим берүү  өмүр бою үйрөнүү кажеттүүлүгүн эске алуу менен бирге, маалымат дооруна жана иш турмушуна ылайыктуу жана учурда талап кылынган ыкма менен керектүү жөндөмдүүлүктү өрчүтүүгө багытталган кызматты сунуштайт.

Ошондуктан, Мектепке чейинки билим берүүнүн негизги максаты- мектепке чейинки курактагы балдарды ар тараптуу өнүктүрүү боюнча билимге жана көндүмгө ээ болуу менен бирге балдардын өнүгүүсү жана билим алуусунун маанилүүлүгүн түшүнгөн, ата-энелердин психологиялык-педагогикалык билимдерин жогорулатуу иштерин уюштура билген, жеке көз карашы бар жана ар түрдүү кырдаалды жөнгө салууда өз алдынча чечим чыгара билген, чыгармачыл, компетенттүү кадрларды даярдоо болуп эсептелет.

Милдеттери:

Квалификациялуу адистерди даярдоо: Мектепке чейинки педагогика, психология жана балдарды өнүктүрүү жаатында заманбап билимге жана усулдарга ээ адистерди даярдоо.

Педагогикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү: Байкоочу көндүмдөрдү үйрөтүү, балдардын жүрүм-турумун жана өнүгүүсүн талдоо, тарбиялоого жана өнүктүрүүгө жекече мамилени калыптандыруу.

Көп тилдүүлүк даярдыгы: Көп тилдүү чөйрөдө балдар жана ата-энелер менен ийгиликтүү иштөө үчүн кыргыз, орус жана түрк тилдерин билүүнү камсыз кылуу.

Практикага багыт алуу: Окутуу практикасы, байкоо жүргүзүү жана бала бакчалардын ишине катышуу аркылуу практикага багытталган мамилени ишке ашыруу.

Коммуникация жана уюштуруучулук жөндөмдөрдү калыптандыруу: Командада иштөө,  ата-энелер жана кесиптештер менен өз ара аракеттенүү, окуу процессин уюштуруу көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Чыгармачыл жана элестетүү ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү: Болочок педагогдорду балдар менен иштөөдө оюн, көркөм жана инновациялык ыкмаларды колдонууга шыктандыруу.

Социалдык жоопкерчиликти калыптандыруу:

Болочок педагогдорду балдарга, ата-энелерге жана коомго сый мамиледе болууга, гуманизм жана инклюзивдүүлүк принциптерине берилгендикке тарбиялоо.

Ишкердик маданиятты колдоо: Студенттерде ишкердик мүнөздү, инновациялык ой жүгүртүүнү жана долбоорлорду түзүү компетенттүүлүгүн өнүктүрүү, аларды өз бизнесин түзүүгө түрткү берүү.

Практика өтүү мүмкүнчүлүктөрү:

Окуу пландары Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасынын эл аралык  билим берүү стандарттарына таянып түзүлгөн. Студенттерибиз жалпысынан 3 семестр практика өтүүгө укуктуу. Бул стажировкалар мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай чөйрөлөрүндө ишке ашат жана студенттерге практикалык билимдерди берүү менен бирге реалдуу иш чөйрөсүнө көнүү максатын көздөйт.

 Көптөгөн студенттерибиз практикадан өткөн мекемелерден ишке орношуу сунуштарын алып, окуусун аяктагандан кийин ишке орношууда.

Бүтүрүүчүлөр иштей ала турган мекемелер:

- Мектепке чейинки билим берүү мекемелери;

- Балдар үйлөрү;

- Бала бакчалар;

- Окуу борборлору;

- Балдар ден соолук борборлору;

- Өзгөчө билим берүү жана реабилитациялоо борборлору;

- Оюн бөлмөлөрү;

- Туризм жана спорт борборлорунун балдар ойноочу бөлмөлөрү;

- Балдар менен иштеген мекемелер жана уюмдардын бардык түрү (жеке балдар бакчалары, жамааттык балдар бакчалары, үй тибиндеги жеке менчик бала бакчалар, жайлоо бала бакчасы, ж.б.).

Бүтүрүүчү мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (МЧББ) жана үй-бүлөдө эрте жаш жана мектепке чейинки курактагы балдарды ар тараптуу өнүктүрүү, тарбиялоо жана окутуу, мектепке чейинки балдарды мектепке даярдоо багытында  иш жүргүзө билүүгө даярдалат. Мындан тышкары, алдыңкы студенттерибиз  Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларында окууларын уланта алышат жан ошондой эле  Кыргыз-Түрк Манас университетинин (Психология) бакалавриат бөлүмдөрүнө түзмө-түз өтүү жолу менен тапшырып, кыска мөөнөттө жогорку билимге ээ болуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн

“Мектепке чейинки билим берүү” программасы тууралуу толук маалымат алуу үчүн биз менен байланышсаңыз же университетибиздин таанытуу бөлүмүнө кайрылсаңыз болот.