Бул программанын бүтүрүүчүлөрү ар кандай тармактарда суроо-талапка ээ болуп, жумуш берүүчүлөрдөн оң пикирлерди алып, кесиптик жактан өсүп жатышат.
Иштөө тармактары
Бул багыттан алган квалификация бүтүрүүчүлөргө төмөнкүдөй экономика жана финансы тармактарында иштөөгө мүмкүнчүлүк берет:
- Компаниялардын каржы-экономикалык бөлүмдөрү
- Бухгалтердик жана аудит фирмалары
- Банктар жана микрокредиттик уюмдар
- Салык органдары жана мамлекеттик түзүмдөр
- Консалтинг компаниялары
- Коммерциялык эмес уюмдар жана фонддор
- Эл аралык долбоорлор жана компаниялар
- Бухгалтердик эсеп жана консалтинг тармагында жеке бизнес
Бухгалтер жана экономист кесиптери Кыргызстанда гана эмес, каржы сектору өнүгүп жаткан чет мамлекеттерде да суроо-талапка ээ. Бул бүтүрүүчүлөргө туруктуулукту, карьералык өсүүнү жана андан ары билим алууга шарт түзөт.
Бүтүрүүчүлөрдүн иштеген жерлери
- Германия, Хайдельберг Martin Keller Servise GMBH
- Россия, Москва ОсОО «Приоритет Плюс»
- Казахстан, Шуский городской Акимат
- Аудиторская компания «Аудит Консалтинг»
- Кадровое агенство «Байсад»
- ОсОО «Энес Данышманлык»
- ОсОО «Стелла групп»
- ОсОО «Юнисел»
- ОАО «Оптима банк»
- ОсОО «Релеванс Групп»
- ОсОО «УчетПрофЛайн»
- ОсОО «Артвин Девелопмент»
- ОсОО «Дуваташ»
- ОАО «РСК банк»
- Управления Кыргыз Курорт туризм
- ИП «Бишкек нан»
- ОАО «Дос-Кредобанк»