2025-04-25
Үстүбүздөгү жылдын 24-апрели, бейшемби күнү бөлүмүбүздүн 1-курсунун студенттери үчүн Ала-Арча улуттук жаратылыш паркына окуу-практикалык экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын алкагында кайчыгайдагы туристтер арасында эң популярдуу треккинг маршруту аркылуу Ак-Сай шаркыратмасына чейин жөө жүрүш кылынды. Практикалык билим алуу жагынан маанилүү саналган бул экскурсияга 37 студент катышып, уюштуруу иштерин мугалимибиз доц,, док. Бакыт ТУРДУМАМБЕТОВ колго алып, ага жардамчы катары докторантыбыз Сүйүнбек ЧЫКЫНОВ тартылды.