2025-04-22


Ысык-Ата капчыгайына экскурсия уюштурулду. 20-апрель 2025-жыл


Бөлүмүбүздүн 2024-2025-окуу жылындагы пландалган иш-чараларынын алкагында 3-курстун студенттери үчүн Ысык-Ата капчыгайына экскурсия уюштурулду. Бишкектен болжолдуу 60 км алыстыкта жайгашкан Ысык-Ата капчыгайы жылуу жана минералдуу суу булактары менен белгилүү. Капчыгайда 50дөн ашуун жылуу жана минералдуу суу булагы бар жана Ысык-Ата бальнеологиялык курорту иштейт. Курорттун аймагында VIII к. таандык табып Будданын сүрөтү жана тибетче жазуулар чегилген чоң аска ташты кезиктире аласыз. Бийик жана аскалуу тоолор менен курчалган капчыгайды шиберлер, аккан суулар жана шаркыратмалар ого бетер көрктөндүрүп турат. Экскурсияны бөлүмдүн ага окутуучусу Анипа Сулайманкулова өзү кураторлук кылган 3-курстун активдүү студенттери менен биргеликте 20-апрель  жекшемби күнү уюштурушту.