2024-12-12
Шаршемби 1-декабрь күнү кафедрабыздын студенттери жана докторанттары үчүн “Кыргызстандын флорасы экотуризмдин объектиси катары” аттуу семинар уюштурулду. Семинардын коногу катары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физикалык география кафедрасынын башчысы, г.и.к., доц. Алмагүл Кендирбаева катышты. Берилген суроолорго караганда абдан кызыктуу болгон бул иш-чара студенттерибизге пайдалуу болгонуна ишенебиз.