2025-12-11

Шопер жасоо боюнча мастер-класс!


2025-жылдын 3-декабрь күнү BIL-211 Desktop Publishing Systems курсу алкагында белгилүү сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин катышуусу жана доцент, д-р З. Казакбаева нын жетекчилиги менен чыгармачыл мастер-класс өткөрүлдү.

Студенттер чоң кызыгуу менен иштеп, жаңы ыкмаларды колдонуп, сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин автордук орнаменти менен өз шоперин түзүштү. Ар бир студентке өзүнө гана тиешелүү уникалдуу шопер жаралды!

Өз билимин жана тажрыйбасын чын дилден бөлүшкөнү үчүн Майрамкул Асаналиевге чоң рахмат! Ошондой эле сабакты кызыктуу жана мазмундуу кылган З.М. Казакбаевага жана чыгармачылыкка умтулган студенттерибизге чоң рахмат!