2025-10-09
Биздин бөлүмдүн бүтүрүүчүсү Айжамал Мирбек кызы кыргыз киносунун жаңы муунунун атынан чоң ийгиликтерди жаратууда.
Анын дипломдук иши болгон кыска метраждуу фильми «Алтын балык» 2025-жылы сентябрь айында эки ири эл аралык фестивалда байгеге ээ болду.
20-сентябрда Нарын шаарында өткөн Nomad 2025: International Film Festival фестивалында бул фильм Студенттик фильмдер категориясында «Эң мыкты фильм» сыйлыгын алды.
Арадан бир жума өтпөй эле, 27-сентябрда Алматы шаарында (Казакстан) өткөн X Эл аралык Байконыр Кинофестивалында Эл аралык фильмдер категориясында «Эң мыкты режиссёрдук иш» сыйлыгына татыды.
Бул кош жеңиш жаш режиссердун чыгармачылыгына чоң баа берип, Кыргызстандын студенттик жана автордук киносунун дүйнөлүк деңгээлде таанылуусуна дагы бир чоң кадам болду.