2025-10-16

Коммуникация факультетинде студенттик кеңешке өкүлдөр шайланды


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Коммуникация факультетинде 2025–2026-окуу жылы үчүн студенттик кеңешке бөлүм жана факультеттин өкүлдөрдү шайлоо 2025-жылдын 14–15-октябрында өткөрүлдү.

Журналистика бөлүмүнөн Табигат Эрикова, Айбийке Назарматова, Алия Жанышбекова жана Айдай Молдогазиева, Коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнөн Кундуз Кулубаева менен Алихан Айдарбек уулу,
Радио, телевидение жана кино бөлүмүнөн Ахмет Хакан Эрйылмаз, Эмир Анарбеков жана Залкар Асизов бөлүм өкүлү болуп шайланышты.

2025-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоонун жыйынтыгында Айбийке Назарматова (Журналистика бөлүмү) жана Алихан Айдарбек уулу (Коом менен байланыш жана реклама бөлүмү) студенттик кеңешке факультеттин өкүлү болуп шайланышты.

Коммуникация факультетинин жетекчилиги шайлоого активдүү катышкан бардык студенттерге жана шайлоо процессинин ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон окутуучуларга ыраазычылык билдирет жана студенттик кеңеше жаңы шайланган студенттерге ийгиликтерди каалайт.