2025-04-16

Коммуникация факультетинин студенттеринин кезектеги жеңиши


XII Эл аралык “Үмүт” жаш кинематографисттердин форумунда Коммуникация факультетинин Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн студенттери жана бүтүрүүчүлөрү кыскаметраждуу фильмдери жана жаңы долбоорлору менен жигердүү катышты.

Кино форумдун улуттук конкурс категориясында Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Мээрим Талантбек кызы «Мунара» кыскаметраждуу көркөм фильми менен «Эң мыкты фильм»,  Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн  2024-жылдагы бүтүрүүчүсү Айжамал Мирбек кызы өзүнүн “Алтын балык” аттуу дипломдук фильми менен “Эң мыкты режиссура” сыйлыгына ээ болушту.

Ошондой эле ушул эле форумда уюштулган жаңы долбоорлордун питчингинде Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн 2024-жылдагы дагы бир бүтүрүүчүсү Абай Кубатбек уулу “Көк бет” аттуу жаңы долбоору менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинен 400 000 сом өлчөмүндө финансылык колдоого ээ болду.

Жеңүүчүлөрдү сыймыктануу менене чын жүрөктөн куттуктайбыз жана алдыда албан ийгиликтерди каалайбыз!