Факультетибиз жаңы окуу жылында даярдоо курсунун студенттери менен таанышып, аларга кош келиңиздер демекчи болуп салттуу багыттоо иш-чарасын уюштурду. Иш-чара факультетибиздин деканы PhD, проф. Ахмет Айгүндүн ачылыш сөзү менен башталды.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө PhD, проф Айхмет Айгүн агайыбыз факультетибиздин тарыхый жолун жана студенттер үчүн сунуштала турган академиялык мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп өтүп, жаштарга студенттик жашоосунда ийгилик каалады. Ошондой эле факультеттеги социалдык, маданий жана илимий шарттарга токтолуп, студенттерди активдүү болууга чакырды.
Программанын жүрүшүндө факультетибиздин окутуучулары жана бөлүмдөрдүн өкүлдөрү тааныштырылды. Иш-чара студенттерге окутуучуларга суроолорун берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган таанышуу жана суроо-жооп бөлүгү менен уланды. Жылуу жана достук маанайда өткөн программа студенттердин университеттик жашоого жеңил көнүгүүсүн максат кылды.