2025-жылдын 3-4-апрелинде өткөн “Санарип Дыйкан 2025” Форуму айыл чарбасындагы санариптик өнүгүүгө арналган маанилүү иш-чара болду. Бул форумдун алкагында Айыл чарба факультетибиз илимий жана студенттик деңгээлде активдүү катышуу менен өз салымын кошту.
Факультетибиздин декан орун басары Доц.м.а.док. Таир Эсенали уулу форумда “Айыл чарбасын өнүктүрүүдө инновациялык билим берүү жана илимий изилдөөлөр” темасында баяндама жасап, айыл чарбасында туруктуу өнүгүүгө жетишүүнүн негизги жолу заманбап билим берүү жана илим экенине басым жасады. Ошондой эле баяндаманын жүрүшүндө факультетибиздин лабораториялык базасы, практикалык окуу талаалары, илимий долбоорлору жана студенттерге түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берилди.
Форумдун алкагындагы көргөзмөгө айыл чарба факультетибиздин 2 жана 3-курс студенттери да катышып, факультетти тааныштырышты. Алар келген конокторго факультеттин ишмердүүлүгү, билим берүү программалары жана айыл чарба практикалары тууралуу кеңири маалымат беришти.
Айыл чарба факультети катары биз санарип доорунда заманбап билим жана технологиялар менен куралданган адистерди даярдоону, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошууну улантабыз.