2025-04-04


Бөлүмүбүздүн кезектеги коомдук-экологиялык жоопкерчилик акциясы өткөрүлдү. 03-апрель 2025-жыл


2025-жылдын 3-апрели бейшемби күнү бөлүмүбүздүн 1-курсунун студенттеринин коомдук-экологиялык жоопкерчилик акциясы өткөрүлдү. Бул иш-чаранын алкагында бөлүмүбүздүн 37 студенти Бишкектен 30 км аралыкта орун алган Аламүдүн капчыгайында таштандыларды чогултушту. Тилекке каршы, капчыгайда былтыркы туристтик сезондон калган таштандылар көзгө урунарлык болду. Мындай абал Аламүдүн капчыгайы Бишкекке жакын жайгашкан эң популярдуу туристтик объекттердин бири экендигинен болууда. Бул акциянын натыйжасында ага катышкан жаштарыбыздын экологиялык аң-сезими калыптанды жана албетте жаратылышыбызга аз да болсо экологиялык пайда келтирилди деп үмүттөнөбүз. Иш-чара "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүм башчысы, экон.илим.канд., доцент Бакыт Турдумамбетов жана докторантыбыз Сүйүнбек Чыкынов тарабынан уюштурулду.